Жикчилдер кармап турган Донецк шаарында козголоңчулар Украинанын борбордук банкынын жергиликтүү имаратын басып алышты.
Жикчилдердин башчысы Олександр Матюшин жергиликтүү бийликтер менен облустун казнасын жана салык кызматын «Донецк элдик жумуриятына» өткөрүп берүү тууралуу сүйлөшүү жүрүп жаткандыгын бышыктады.
Жикчилдер банктын кире беришин көзөмөлдөп турушат. Ал эми банктын кызматкерлери имараттын сыртында чогулушту.
Украинадагы Донецк, Луханск (Луганск) облустары 11-майдагы референдумда аймактарынын Киевден өз алдынчалыгын жарыялашкан. Батыш бул референдумду «көз бойомочулук аракет» деп айыптаган.