Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Иракта дагы бир шаар сунни жоочуларынын колуна өттү


Ирактын Мосул шаарынан качып чыккандар. Кулжа (июнь) айы, 2014-жыл.
Ирактын Мосул шаарынан качып чыккандар. Кулжа (июнь) айы, 2014-жыл.
Ирактын ордо шаары Багдаддан 420 чакырым түндүк-батыштагы Тал-Афар шаарынын тургундары жана бийлик өкүлдөрү өткөн түндөгү оор салгылаштардан кийин шаар «Ирак Ислам мамлекети жана Левант» уюшмасынын колуна өткөндүгүн бышыкташты.

"Ал-Кайида" террорчу уюму менен алакалаш бул уюшма буга чейин Ирактын түндүгүндө Мосул, Тикрит шаарлары менен катар, бир топ башка аймактарды да басып алган эле.

Америка Кошмо Штаттары Иракта сунни исламчы жоочулары тарабынан эки миңге чукул шийи жоокерлеринин өлтүрүшүн кескин айыптап чыкты.

XS
SM
MD
LG