Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:06

Орусия Украинага газ берүүнү токтотту


Эки миллиард доллар карызды төлөө мөөнөтү 16-июнда соңуна чыккандан кийин Москва Украинага газ берүүнү токтотту. Бирок украин түтүктөрү аркылуу Европа мамлекеттерине газ мурунку калыбында бериле берет деди "Газпромдун" маалымат катчысы Сергей Куприянов:

- Европа керектөөчүлөрүнө багытталган газ контрактта белгиленген өлчөмдө толук берилет. Украинанын "Нафтогаз" компаниясы транзит боюнча келишимге ылайык өткөрүү пунктуна чейин газдын тоскоолсуз жетишин камсыздаш керек.

Москва менен Киевдин сүйлөшүүсүндө ортомчу болуп жаткан Европа биримдигинин энергетика боюнча комиссары Гюнтер Эттингер сүйлөшүүлөрдү улантууну тараптарга сунуштады. (AiT)

XS
SM
MD
LG