Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Алайда абал чыңалууда


Бул тууралуу Акматбек Келдибековду коргоо комитетинин төрагасы Керим Сарбашев билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү калктын арасында “ОМОН келет” деген сөз тарап, ошого жараша даярдык көрүү күчөдү:

- Элди курчутуп атышат. "Мына келет экен, ана келет" деп эле эл өзүнчө даярданып жатат. Таяк, келтек, арматура камдап, бардыгы менен даярданып жатышат. Менин коркконум эле, кудайдан тилегеним, кан төгүлбөсө экен...

Сарбашев жол тосууга тыюу салынганы тууралуу соттун чечими менен жергиликтүү бийлик калкты тааныштырды деген маалыматты туура эмес деди. Жолду тосууга тыюу салган Алай райондук сотунун чечими күчүнө киргенин 16-июнда Ош облустук милициянын башчысы Сүйүн Өмүрзаков билдирип, аны аткаруу үчүн милиция чара көрүүгө даярдыгын кошумчалаган.

Ош – Эркеч-Там жолу 27-майдан бери тосулуп турат. Жол тоскондор Акматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу талабын коюп жатышат. (AiT)

XS
SM
MD
LG