Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Мектепти артыкчылык аттестаты менен бүтүргөндөргө жалпы тестирлөөдө буга чейин кошумча 150 упай берилип келген. Өкмөт бул коррупциялык иштерге жол ачат деген жүйө менен ал жобону жокко чыгарып, 20 гана упай кошуу боюнча токтом кабыл алды.
Кыргызстанда студенттерди жогорку окуу жайларга жалпы республикалык тестирлөө аркылуу кабыл алуу 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйылкы тестирлөөгө 49 миңден ашуун бүтүрүүчү катышты. Жыйынтыгы чыгып бүто элек. (BkA)