Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Сарпашев: Кумтөрдүн тоо-кен иш планы эки шарт менен бекитилди


Кумтөрдө быйыл тоо-кен ишин жүргүзүү боюнча план эки шарт менен бекитилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, “Кумтөр Голд” Давыдов мөңгүсүндө иш жүргүзүүнү Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги менен макулдашып, кен казууну өлкөнүн “Суу кодексинин" алкагында жүргүзүшү керек. Сарпашев кошумчалагандай, буга чейин “Кумтөр Голд” кенди жогорудагы талаптарды сактабай иштетип жүргөн.

Буга чейин инвестор "Центерра" 2014-жылдын иш планын бекитүү кечеңдеп жатканын билдирип, 13-июндан тарта Кумтөрдө иш токтотуларын айткан эле. Өкмөт планды 11-июнда бекитип берди.

Бирок Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы “Центерра Голддун” мамлекетти минтип шантаждоосуна жол бербөөнү жана 2014-жылкы иш планын бекитпөөнү өкмөткө сунуштаган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG