Мектеп окуучулары арасында көркөм окуу боюнча республикалык сынак жыйынтыкталды. Анда биринчи орунду Базар-Коргон районундагы Бекмамат Осмонов атындагы гимназия-мектебинин 6-классынын окуучусу Эрбол Анарбеков алды. Сынакты "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фонду уюштурган. 14-июнда 25 бала катышкан гала-концерт өтүп, мыктыларга сыйлык тапшырылды.
Кыргыз жана орус тилдериндеги республикалык өнөр таймашка Бишкек шаарынан 50, ал эми жети облустан 20 окуучу катышкан.
Жалал-Абад облустук мамлекеттик тил комиссиясынын башкы адиси Нургүл Абдылдаеванын "Азаттыкка" айтымында, Эрбол Анарбеков драматург Мухтар Борбугуловдун "Учканды унуткан карга" аттуу тамсилин көркөм окуу менен өзгөчөлөндү. (YA/RK)