Быйылкы ажылык боюнча муфтият өткөрүп жаткан чүчү кулак кармоо тартибин муфтияттын иш башкармалыгынын башчысы Бакыт Нурдинов сындап чыкты. Анын айтымында, муфтият чүчү кулакты кагаз кармап өткөрүү боюнча токтом чыгарган жана ошого жараша даярдык көрүлгөн. Бирок учурда бул иш атайын компьютердик программа менен өткөрүлүүдө жана коррупцияга жол берилет деген тобокелчилик бар.
Ал эми муфтийдин орун басары, Ажылык штабдын башчысы Замир Ракиев Нурдиновдун билдирүүлөрүн четке кагууда. Ал кагаз же компьютерди эл өзү тандап, чүчү кулак кармоонун каалаган ыкмасы боюнча өтүп жатканын билдирди. Ракиевдин айтымында, бүгүнкү күнгө чейин нааразы болгон адамдар жок. (ZB)