Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

Тажикстанда бир жаран тыңчы деп кармалды


Тажикстандын Коопсуздук комитети тажик жараны аты аталбаган өлкөнүн кызыкчылыгына тыңчылык кылган деп кармалганын билдирүүдө. 51 жаштагы Александр Содиков Канадада бир нече жылдан бери жашайт. Ал Торонто университетиндеги докторлук изилдөөсүнүн алкагында Тажикстан менен Өзбекстанда бир нече шаарды кыдырып жүргөнүн айтууда.

Содиков кечээ коогалуу Тоолуу Бадахшан облусунун борбору Хорогдо жарандык активист Алим Шерзаманов менен жолугушуп жаткан жеринен кармалды. Шерзаманов май айындагы Хорогдогу шектүү кылмышкерлерди бутага алган атайын операцияга каршы тополоңдуу демонстрациянын уюштуруучуларынын бири болгон. Ал окуяда коопсуздук күчтөрү менен жергиликтүү тургундардын кагылышуусунда аз дегенде үч киши окко учкан эле.

XS
SM
MD
LG