Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

Токмокто мэрге каршы митинг өттү


Токмок шаарында бүгүн мэр Анвар Оморкановду кызматтан алууну талап кылган митинг өттү. Шаар башкармалыгынын алдына чогулган 30 чакты адам Оморканов калаанын көйгөйлөрүн чечүүгө жөндөмсүз болуп жатканын айтып, кызматтан кетишин талап кылды. Мэрия тараптан аларга эч ким чыккан жок. Пикетчилер президент жана премьер-министрге өз талаптары жазылган кайрылууну жолдоп, тарап кетти.

Оморкановду мэрликке эки жыл мурда шаардык кеңештеги "Ынтымак" тобу алып келген.

Мэрия өкүлдөрү бүгүн пикетке чыккандар мурда ошол жакта иштеп, бирок кетирген кемчиликтери үчүн кызматтан алынгандар, азыркы шаар башчыга таарынычы барлар экенин айтууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG