Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Норвегияда молдо балта менен кол салуудан аман калды


Норвегия бийлиги билдиргендей, баш калаа Ослодогу борбордук мечиттин имамы бет капчан киши балта менен бир нече жолу соккондон кийин ооруканага жеткирилди. Мечиттен үйүнө кайтып келатканда бети-колунан жараат алган Нехма Али Шахтын абалы азыр туруктуу экени, ага операция жасалып жатканы кабарланууда.

Полиция тергөөнүн жүрүшүндө коопсуздук камераларына түшкөн тасмалар менен таанышып жатат. Ослодогу беш миң мүчөсү бар Борбордук Жамаат Ахле Суннат мечити 1977-жылы негизделгенде пакистандык алгачкы мигранттардын башын бириктирген жай болгон.

XS
SM
MD
LG