Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:57

Кара-Кулжада селдин айынан унаа жол жабылды

Катуу жаандан улам Оштун Кара-Кулжа районунда сел жүрүп, жол жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, бүгүн саат 11:30 чамасында Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алай-Куу унаа жолунун 42, 53, 57 жана 58-чакырымдарында катуу жааган жаандын кесепетинен колоттордон сел агындылары түшүп, унаа жол убактылуу жабылды. Азыр ал жакта тазалоо иштери жүрүп жатат.

Капчыгай айыл аймагынын Сары-Бээ айылындагы Өрдөш участогуна өтүүчү узуну 5, туурасы 4 метр болгон ички чарбалык көпүрөнү сел алып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG