Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Артыкбаев: Суюлтулган газды кабат үйлөргө киргизүү кооптуу


Баллондорго куюлган суюлтулган газды экинчи кабаттан жогору алып кирүүгө болбойт. Коопсуздук техника эрежеси ушундай экенин бүгүн "Азаттыкка" энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди.

Кыргызстандын түштүк аймагы эки айдан бери газсыз отурат. Себеби "Кыргызгаз" Орусиянын "Газпромуна" сатылгандан кийин "Узтрансгаз" жаратылыш газын берүүнү токтотуп койгон.

Кечээ президент Алмазбек Атамбаев маселени чечиш үчүн Оштун абоненттерин жаратылыш газынан суюлтулган газга өткөрүү керектигин айткан. Мамлекет башчынын маалымат катчысы Кадыр Токтогулов да суюлтулган газ баллонун пайдаланууда коопсуздук талаптары бар экенин айтып, президент кабат үйлөрдүн маселесин өзүнчө чечүү тапшырмасын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен "Кыргызгазга" тапшырганын "Азаттыкка" бүгүн билдирди. (AiT/BkA/RK)

XS
SM
MD
LG