Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Оторбаев: Аскердин өлүмүнө командир түздөн-түз күнөөлүү


Бүгүн каза тапкан чек арачынын өлүмүнө түздөн түз ошол аскердик бөлүктүн командири күнөөлүү жана эгер мындан ары ушундай окуя катталса бардык деңгээлдеги жетекчилер жазаланат. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Ал бүгүнкү каргашалуу окуяны тыкыр иликтеп чыгууну Чек ара кызматына тапшырды.

Бүгүн Ала-Букадагы чек ара отрядында кызмат өтөп жаткан жоокер өзүн өзү атып, ооруканага жетпей көз жумду. Ал аскерге былтыр күзүндө Жалал-Абаддан чакырылган.

Ушуну менен жыл башынан бери Кыргызстанда аскер кызматкерлери арасында үчүнчү өлүм катталууда. Январда мындай окуя Канттагы аскер бөлүктө болгон. Февралда Кой-Таш айылында жайгашкан аскердик бөлүктүн эски казармаларынын биринде моюнунан асынган аскердин сөөгү табылган. (RK)

XS
SM
MD
LG