Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Мобилдик байланыштын баасы текшерилет


Кыргызстандагы мобилдик операторлордун байланыш үчүн тарифтери каралып чыгат. Мындай тапшырманы парламенттин байланыш комитети Унаа жана байланыш министрлигине бергенин Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Айрым депутаттар мобилдик байланыш башка өлкөлөргө салыштырганда 2-3 эсе кымбат экенин, операторлордун кирешеси өскөнү менен тариф төмөндөбөй жатканын айтты.

Эсептөө жүргүзүлгөндөн кийин бааны төмөндөтүү же азыркы бойдон калтыруу маселеси чечилет.

Кыргызстандык абоненттерди 7 уюлдук компания тейлейт. (RK)

XS
SM
MD
LG