Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Баласагын калдыктары ЮНЕСКОнун каттоосуна сунушталат


Чүйдөгү Суяб, Баласагын жана Невакет тарыхый шаарларынын калдыктарын ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү сунушталууда. Бул маселе 18-23-июнь күндөрү Катарда өтө турган жыйында караларын парламенттин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Жыйынга Жогорку Кеңеш депутаты, ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын төрага орун басары Карганбек Самаков баштаган делегация катышат.

Чүй өрөөнүндө орто кылымдарга таандык шаар калдыктары бар экенин кыргызстандыктардын көпчүлүгү биле бербейт. Мындан ондогон кылымдар мурун гүлдөп өнүгүү доорун баштан кечирген Суяб, Баласагын, Невакет шаарчалары Улуу Жибек Жолунун боюндагы батыштан чыгышка, чыгыштан батышка каттаган кербендерди тосуп-узатып турган негизги калаалардан болгон.

Эгерде аталган шаар калдыктары ЮНЕСКО тизмесине кирип калса аларга байланыштуу тарыхый маалыматтарды изилдөөгө ыңгайлуу шарт түзүлүп, Кыргызстанга келе турган туристтердин саны көбөйөрүн адистер айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG