Бул тууралуу “Кыргызгаз” ишканасынын директору Тургунбек Кулмурзаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда документ, активдерди орус тарапка өткөрүү боюнча юридикалык жараяндар бүтүп калды. Эртең Кулмурзаев баштаган делегация Москвага барып, “Газпром” менен акыркы документтерди бекитмекчи.
Мындан соң “Кыргызгаз” толугу менен “Газпромго” өтүп, Кыргызстандын түштүк аймагынын газ маселеси менен бир беткей ошол орусиялык компания алектене башташы керек.
"Кыргызгазды" сатуу келишимине кол коюлуп жатканда "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллер бардык документтер толтурулуп бүткөндөн кийин ал ишкана "Газпром Кыргызстан" деп аталып каларын, ошондо гана ал толугу бойдон орусиялык деп эсептелинерин айткан болчу.
Ал арада эки айдан бери Ош шаары газсыз отурат. "Кыргызгаз" ал жакка газды Өзбекстандан тартып келчү. Бирок ишкана Орусияга сатылгандан кийин өзбек тарап куурларын жаап койгон. (BkA)