Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:41

Кочкордо малга кол салган жаныбардын экспертизасы аяктады


Нарындын Кочкор районунда жергиликтүү тургундардын кой-тоогуна кол салган жаныбар боюнча жүргүзүлгөн экспертиза аяктады. Жыйынтыгында ал же ит, же чөө болушу ыктымал деген чечим кабыл алынды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кочкор райондук ветеринардык департаментинин башчысы Сабатбек Медетбеков билдирди. Анын айтымында, ал жаныбар белгисиз жырткыч деп чочулоого негиз жок.

Буга чейин Кочкор районундагы 50гө жакын кой-козунун канын соруп кеткен белгисиз жырткыч жаныбар чыкканы тууралуу маалымат тарап, ал тууралуу парламентке чейин сөз болгон эле. (TSh/BkA)

XS
SM
MD
LG