Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Британия Тегеранда элчилигин кайра ачат


Тышкы иштер катчысы Уильям Гааг бүгүн парламентте чыгып сүйлөдү:

- Британиянын Иранга карата саясатында эч кандай жумшаруу болгон жок. Ирандын Жакынкы Чыгышта диний уюшмаларды колдоону токтотушуна жетишүүнү көздөйбүз. Ошондой эле анын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүнүн ийгилиги үчүн күрөшөбүз. Бирок бул маселелерди Ирандын өзү менен сүйлөшкөнүбүз туура, бизге ушундай мүмкүнчүлүк керек.

Хааг элчилик ачуу маселесин апта соңунда Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен сүйлөшкөн эле. Ал Иракта сунни согушкерлеринин соңку кездердеги жеңиштери элчиликти кайра ачууга «эбегейсиз зарылчылык» жаратып жаткандыгын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG