Орусиядан Европага баруучу куурдагы улуу өрт Украинанын борбордук Полтавска аймагында чыкты. Эч ким жапа тарткан жок, бирок өрт өчүрүүчүлөр аны өчүрө албай убара болушууда. Украин бийликтери куур канча убакта кайра ишке киргизилерин айта алышкан жок. Жардыруунун себеби белгисиз.