Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

Украинанын чыгышында орусиялык журналист көз жумду


Орусия мамлекеттик сыналгысынын кабарчысы Луганск областында иштеп жатканда алган жараатынан кайтыш болду. Бүткүл орусиялык мамлекеттик теле-радио компаниясы 37 жаштагы Игор Корнелюктун өлүмүн бышыктады. Компаниянын маалыматы боюнча, үч кишиден турган кабарчылар тобунан дагы бир үн оператору жоголуп жатат. Луганск ооруканасынын башкы дарыгери Федир Соланюк Коренелюк ооруканага түшкөндөн кийин, операцияга бараткан жолдо үзүлгөнүн билдирди. Кабарчылар жикчилдер көзөмөлдөгөн өткөрүү бекетинде окко кабылышкан. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Украинадан Корнелюктун өлүмү үчүн жоопкерлерди таап, катуу жазага тартууну талап кылды.

XS
SM
MD
LG