Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:39

Тажикстанда Канадада жашаган жаран тыңчы деп кармалып, кайра бошотулду


Тажик жараны аты аталбаган өлкөнүн кызыкчылыгына тыңчылык кылган деп кармалып, кайра бошотулганы кабарланууда. Бирок Тажикстандын коопсуздук кызматтары анын кайда экендигин тактабай жатат. 31 жаштагы Александр Содиков Канадада бир нече жылдан бери жашайт. Ал Торонто университетиндеги докторлук изилдөөсүнүн чегинде Тажикстан менен Өзбекстандын бир нече шаарын кыдырып жүргөндүгүн айтууда. Содиков кечээ коогалуу Тоолуу-Бадахшан областынын борбору Хорогдожарандык активист Алим Шер-Заманов менен жолугуп жаткан жеринен кармалган. Шер-Заманов Хорогдогу май айындагы шектүү кылмышкерлерди бутага алган атайын операцияга каршы тополоңдуу демонстрациянын уюштуруучуларынын бири болгон. Ал окуяда коопсуздук күчтөрү менен жергиликтүү тургундардын кагылышуусунда аз дегенде үч киши окко учкан эле.

XS
SM
MD
LG