Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:07

Алайдан Келдибековдун жактоочулары Бишкекке келди

Сопу-Коргондон активисттердин кабарлоосуна караганда, Акматбек Келдибековду коргоо комитетинин төрагасы Керим Сарыбашев жана эки аксакал, эки аял Бишкекке 17-июнда түнү келди. Алардын 18-июнда Бишкекте өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен жолугушары убадаланган. Андай жолугушуу пландаштырылганын 17-июнда Алайда жол тоскондор менен жолугушкан вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев “Азаттыкка” тастыктады.

27-майдан бери Ош – Эркеч-Там жолун тоскондор Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү талабын коюп жатышат. (AiT)
XS
SM
MD
LG