Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Иранда Улуу Британиянын элчилиги кайра ачылат


Англиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг Лондондун Тегеранда элчиликти кайра иштетүү ниетин билдирди. 17-июнда парламентте сүйлөгөн сөзүндө “туруксуз региондо Иран маанилүү өлкө” деген Хейг, жаңы жагдайлар элчиликтин ачылышын талап кылууда деди. Ал ошондой эле Хасан Роуханинин бийликке келиши Батыш менен Тегерандын ортосундагы мамилени жакшыртканын белгиледи:

- Ирандын региондо көбүрөөк позитивдүү ролду ойногонго мүмкүнчүлүгү бар. Ал буга чейин көптөгөн жылдар бөлүп-жаруучулук ролду көбүрөөк ойноп келген. Эми андан баш тартат деп үмүттөнөбүз жана эки тараптуу кызматташууда ошого басым жасайбыз.

Иран менен Англиянын тышкы иштер министрлери жекшемби күнү сүйлөшүүдө эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесин калыбына келтирүүнү макулдашкан. Эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамиле 2011-жылы британ элчилигине Тегеранда кол салуудан кийин токтотулган эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG