Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Абитуриенттерди кабыл алуу 7-июлда башталат


Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру 7-июлда башталат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди. Анын айтымында, учурда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгарылууда.

Жылдагыдай эле абитуриенттерди кабыл алуу үч тур менен өтөт. Биринчи тур 7-июлда башталып 12-июлга чейин болмокчу. Экинчи тур 14-19-июлда, ал эми үчүнчүсү 21-26-июль аралыгында өтөт.

Быйыл бюджеттик бөлүмгө өтүү үчүн тестирлөөдөн бүтүрүүчү кеминде 110 упай алыш керек.

Кыргызстанда жогорку окуу жайга жалпы республикалык тестирлөө аркылуу кабыл алуу 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл ага 49 миңден ашуун бүтүрүүчү катышты.(BkA)

XS
SM
MD
LG