Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү эртең башталат


Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча кезектеги сүйлөшүү 19-июнда Баткенде башталат. Бул тууралуу чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 16-июнга белгиленген жолугушуу тажик тараптын сунушу менен кийинки күндөргө которулган. Сүйлөшүүдө Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык айланма жолунун курулушун улантуу маселелери талкууланат.

Ушул жылдын 11-январында аталган жолдун курулушуна чек ара тактала элек деген жүйө менен тажик тарап каршы чыгып, эки өлкө чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болгон. Андан Кыргызстандын беш чек арачысы, бир милиция кызматкери жана Тажикстандын үч чек арачысы жараат алган. Жол курулушу ошондон бери токтоп турат. (BkA)

XS
SM
MD
LG