Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Келдибеков тарапкерлерин Оторбаев качан кабыл алары белгисиз


Акматбек Келдибековдун Алайдан келген тарапкерлерин премьер-министр Жоомарт Оторбаев качан кабыл алары белгисиз. Өкмөт башчынын аппаратынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, азырынча Оторбаевдин бүгүнкү иш планында андай жолугушуу жок.

Кечээ өкмөт өкүлдөрү камактагы оппозиционер депутаттын Алайда 27-майдан бери Ош – Эркеч-Там жолун бууп турган тарапкерлери менен жолугуп, жолду ачууну суранган, бирок натыйжа чыккан эмес.

Нааразылардын атынан курамына алты киши кирген делегация бүгүн түнү Бишкекке учуп келген. Аларды премьер-министр Жоомарт Оторбаев кабыл аларын кечээ Алайга барган вице-премьер Абдырахман Маматалиев айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG