Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Айткулов: Электр шакекче боюнча Өзбекстандан билдирүү түшкөн жок


Өзбекстандан аймактагы Бирдиктүү электр шакекчеден чыгуу тууралуу эч кандай расмий маалымат болгон эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка" Кыргызстандын "Улуттук электр тармактары" ишканасынын башкы директору Медет Айткулов билдирди.

Буга чейин айрым маалымат агенттиктер кыргыз өкмөтүндөгү ишенимдүү булакка шилтеме жасап Өзбекстан Борбор Азиядагы Бирдиктүү энергетика системасынан чыгаары тууралуу эскерткенин жазып чыккан. Бул кадам Кыргызстандын Чоң Наманган каналын убактылуу жабуу чечимине жооп иретинде болушу мүмкүн экени болжолдонгон.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Өзбекстандын 4 районун суу менен камсыз кылган Чоң Наманган каналы оңдоо иштерине байланыштуу жабылышы мүмкүн экенин эскерткен. Кыргыз өкмөтүнүн бул кадамы Өзбекстандын Ошко газ бербей коюшуна кыргыз тараптын жообу катары бааланган болчу. (BkA/AzK)

XS
SM
MD
LG