Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

Парламент алдында сөз эркиндигин жактаган акция өттү


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Кеңештин алдында жалган маалымат таратуу боюнча мыйзамга каршы акция өткөрдү. Ал моюнуна жип байлап, колуна “Парламент жана президент мени муунтпагылачы” деген жазуу кармап турду. Жарандык активист акция өткөрүүгө мэриядан уруксат алганына карабай милиция ага тоскоолдук кылып, парламент дарбазасына жолотпой койгонун билдирүүдө.

17-майда президент Алмазбек Атамбаев кимдир бирөөнү кылмыш жасады деп эл алдында жалган айтып чыкканы үчүн кылмыш жообуна тартуу тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, атайылап жалган маалымат тараткандар 1 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок бир катар укук коргоочулар жана журналисттер бул мыйзам сөз эркиндигин чектөөгө алып келерин айтып, сындап чыккан.(BkA)

XS
SM
MD
LG