Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Бишкектеги украин элчилигинин алдында пикет өтүүдө


Ушу тапта Бишкектеги Украина элчилигинин алдында нааразылык акциясы өтүүдө. Аны «Сергий Радонежский жана айкөл Манас» борбору уюштурган.

Кабарчыбыздын айтымында, пикетке чыккан 20 чакты адам Украинанын түштүк-чыгышындагы соңку окуяларды "жазалоо операциясы" деп атап, аны токтотууну украин бийлигинен талап кылууда. Азырынча аларга элчиликтен эч ким чыккан жок.

Нааразылыкка чыккандар арасында Кыргызстандын Коммунисттер партиясынын өкүлдөрү да бар.

Крымды Орусия аннексиялап алгандан бери Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилер баш көтөрүп, кырдаалды жөнгө салууга аракеттенген өкмөттүк аскерлерге сокку урууда. (RK)

XS
SM
MD
LG