Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:56

Тергөө: Чек арачынын өлүмүнө жеке жашоосу себеп болгон

Ала-Бука чек ара отрядындагы аскердин өлүмүнө анын жеке жашоосундагы проблема себеп болгон. Тергөө ушундай версияны караштырып жатканын бүгүн Чек ара кызматынан кабарлашты. Бүгүн маркумдун ата-энесинин катышуусунда териштирүү жүргүзүлүп, анын өзүнө өзү кол салуусуна жакшы көргөн кызы менен мамилеси себеп болгону аныкталды.

17-июнда Ала-Букадагы чек ара отрядында кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер өзүн өзү атып, ооруканага жетпей көз жумган. Ал аскерге былтыр күзүндө Жалал-Абаддан чакырылган.

Ушуну менен жыл башынан бери Кыргызстанда аскер кызматкерлери арасында үчүнчү өлүм катталууда. Январда мындай окуя Канттагы аскер бөлүктө болгон. Февралда Кой-Таш айылында жайгашкан аскердик бөлүктүн эски казармаларынын биринде моюнунан асынган аскердин сөөгү табылган. (RK)
XS
SM
MD
LG