Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:43

Парламенттик эки комитет кумсаларга каршы мыйзам долбоорду жактырды


Молдовада кумсалардын укугун коргоого арналган акциядан бир көрүнүш. Май, 2014.
Парламенттин эки комитети бир жыныстагы адамдардын сексуалдык мамилесин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу анын демилгечиси Курманбек Дыйканбаев билдирди.

Депутаттын айтымында, мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитети менен Адам укуктары жана мамлекеттик түзүлүш комитети жактырды. Кийинки аптада ал парламенттин жалпы жыйынына чыгарылмакчы.

Бирок өкмөт жана бир катар эл аралык уюмдар аталган мыйзам долбоору адам укуктарына каршы келерин айтып, эл өкүлдөрүн бул долбоорду колдобоого үндөп келет. (BkA)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG