Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Жолдошева: Келдибеков боюнча тараптар бири-бирине кол сунуусу зарыл


Келдибековдун таламын талашып митингге чыккандар менен бийлик өкүлдөрү укук алкагында өз ара аракеттенип, мүмкүнчүлүгүнө жараша бири-бирине кол сунуусу зарыл. Мындай пикирин бүгүн маалымат жыйынында парламенттеги оппозициялык "Ата-Журт" фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошева билдирди.

Ал 15-июнда Алайга барып, Келдибековдун бошотулушун талап кылып 27-майдан бери Ош – Эркеч-Там жолун бууп турган жарандар менен жолугуп келгенин айтты. Жолду ачууну кечээ алардан өкмөт өкүлдөрү талап кылып келген, бирок натыйжа чыккан эмес.

Нааразылык акциясынын алты өкүлү бүгүн түнү Бишкекке келди. Аларды өкмөт башчы кабыл аларын кечээ Алайга барганда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев айткан. Бирок Оторбаевдин бүгүнкү иш планында аларды кабыл алуу жок экенин "Азаттыкка" өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков мамлекетке ири суммада зыян келтирген деген айып менен былтыр кармалып, азыр тергөө жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG