Орусиянын мамлекеттик телекөрсөтүүлөр жана радиоберүүлөр компаниясы «Вести» каналынын кабарчылар тобунун мүчөсү Антон Волошин Украинада мерт болгон экинчи орусиялык журналист экенин тастыктады. Журналисттер Лугансктын жанында минометтон атылган октун алдында калган. Металлист кыштагынын чекесинде Волошиндин сөөгүн сепаратисттер тапкан.
Шейшембиде эртең менен «Вестинин» дагы бир журналисти Игорь Корнелюк набыт болгон. Бүгүн Украинада каза тапкан журналисттердин сөөгү жакындарына берилет.
Ушул эле топтун оператору Виктор Денисов болсо кесиптештеринен 100 метр алыста окуяны тартып жүрүп октон аман калды. Орусиянын Тергөө комитети Луганск облусундагы эки журналисттин өлүмү боюнча кылмыш иш ачты.