Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Согушкерлер Иракта мунай иштеткен заводго кол салды


18-июнда сунни согушкерлер Багдаддын түндүгүндөгү Байжидеги эң чоң мунай иштеткен заводду пулемет жана минометтон аткылашты. Коңшу Иран болсо ал жердеги шийилердин ыйык жайларын коргоого убада берди.

«Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети» (ИЛИМ) тобунун согушкерлери Багдадды көздөй жылып баратканы Иракты ажырымга жеткириши мүмкүн деген эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусун жаратты.

Ирандын президенти Хассан Роухани Кербеле, Эн-Нажаф, Кадмиях жана Самаррадагы шийилердин ыйык жайларын коргоо үчүн Тегеран бардык аракеттерди көрөрүн билдирди.

Ал ортодо Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Сауд ал-Файсал Ирактагы үрөй учурган кырдаалда “жарандык согуштун” белгилери көрүнүп турганын белгиледи.

Шийилердин өкүлү, Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики кечээ мамлекеттик телеканалда сүйлөгөндө суннилер менен күрттөрдүн лидерлерин улуттук биримдикке чакырды.

XS
SM
MD
LG