Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

АКШ деңизде эң чоң корук түзөт


Кошмо Штаттар Тынч океанда эң чоң корук түзүүнү пландоодо. Бул тууралуу президент Барак Обама Вашингтондо өтүп жаткан «Биздин океан» деп аталган эл аралык конференциянын катышуучуларына жолдогон видео кайрылуусунда айтты. Конференция Мамлекеттик департаменттин демилгеси менен уюштурулуп өтүп жатат.

Президент Обама суудагы коруктун аянты канча болоорун айтпаганы менен журналисттер Ак үйдөгү булактарына таянып «Тынч океандагы алыс аралдар» деген улуттук корук бир топ кеңейтилерин жазып чыкты. Гавайя менен Американын Самоа аралдарын бириктирген корукта жаратылышка зыян келтирген балыкчылык менен пайдалуу кен байлыктарын казуу ишке ашат.

Президент Обама федералдык агенттиктерге мыйзамсыз балык кармоого жана деңиз продукцияларын сатууга каршы күрөштүн программасын иштеп чыгууну тапшырды.

XS
SM
MD
LG