Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:53

БУУ Украинанын чыгышында адам укуктары бузулушуна кабатыр


18-майдагы аза митингинин алдында крым татарына түспөлдөш адамды милиция кармап жатат. Крым, Симферополь.
18-майдагы аза митингинин алдында крым татарына түспөлдөш адамды милиция кармап жатат. Крым, Симферополь.
Улуттар уюмунун Качкындар боюнча мекемеси Украинадагы кырдаал тууралуу өз баяндамасын жарыялап, өлкө чыгышында адам уурдоо, мыйзамсыз кармоолор, кыйноолор жана адам өлтүрүүнүн саны өскөнүн белгилейт. Укук коргоочулар ошондой эле Орусия аннексиялап алган Крымдагы адам укуктарынын абалына кооптонуу билдирди. Крымдагы украиначыл көз караштагы тургундар менен катар крым татарларынын активисттери куугунтукталып жатканы баса белгиленет.

7-майдан 2-июнга чейинки кырдаалды камтыган документ Украинадагы адам укуктарынын абалына мониторинг жасаган Улуттар уюмунун атайын миссиясынын экинчи жарыяланган документи. Март айында өз ишин баштаган миссиянын курамында 34 киши бар.

Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Нави Пиллай Донецк жана Луганск облустарындагы куралдуу топторду курал-жарагын таштап, сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды. Ал аны менен бирге украин бийликтерин өлкө чыгышында сепаратисттерге каршы операцияларды жүргүзүүдө сабырдуу болууга чакырды.

XS
SM
MD
LG