АКШнын Өндүрүш жана коопсуздук бюросу “текшерүүдөн өтпөгөн” деген тизмесине Орусиянын беш ишканасын киргизип, өзгөчө көзөмөлгө алды. Тизмеге Орусиянын коргонуу, космостук изилдөөлөрдүн жабдыктарын чыгарган жана насосторду саткан ишканалары түшкөн. Ошол эле маалда Кошмо Штаттар бул ишканалар америкалык товарлар менен технологияларды экспорттой алаарын жокко чыгарбайт.
Би-Би-Си билдиргендей, бедели булганган ишканалардын тизмесине “Бизнес коопсуздугунун академиясы” деп аталган 50дөй кызматкери бар уюм 2012-жылы АКШдан калпты аныктаган детекторду мыйзамсыз чыгарууга аракеттенгени үчүн түшкөн.
“Кара тизмеге” кирген Коргоо министрлиги менен иштешкен “Воентелеком”, машина куруучу жана энергетикалык жабдууларды ташыган “Нуклин” ишканаларынын өкүлдөрү комментарий берүүдөн баш тартты.