Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Абдулла добуш эсептөөнү токтотууну талап кылды


Ооган президенттигине талапкер Абдулла Абдулла бурмалоолор болуп жатат деп, добуштарды эсептөөнү токтотууну жана бул ишке Бириккен Улуттар Уюмунун аралашуусун талап кылды. Ал ооган шайлоо комиссиясына ишенбей турганын айтып, өзүнүн байкоочуларын добуштарды эсептөөнү көзөмөлдөөдөн баш тартууга чакырды.

Абдулла Абдулла санак улантыла турган болсо, шайлоонун легитимдүүлүгү боюнча маселе чыгарын эскертти. Ал эми ооган шайлоо комиссиясы улуттук жана эл аралык байкоочулардын көзөмөлү менен эсеп улантылат деди. (AiT)

XS
SM
MD
LG