Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Атамбаев Аксыга барат


20-июнда Аксыга президент Алмазбек Атамбаев келет. Ал райондо курулуп бүткөн Иринжит суу каналын ишке берүү аземине катышат. Узундугу жети чакырымдан ашуун каналдын курулушу менен райондун мурда суу жетпеген Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн бир нече гектар аянты эгин суусу менен камсыздаларын облустук бийликтин маалымат кызматы билдирди.

Иринжит каналын куруу мурунку президент Аскар Акаевдин доорунан бери көтөрүлүп келаткан маселе. Ал быйыл гана бүтүп, пайдаланууга берилгени турат. (AiT)

XS
SM
MD
LG