Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Абдылдаев: Өзбекстан менен мамилебиз начарлаган жок


Ошко газ келбей калганына байланыштуу Кыргызстандын Өзбекстан менен мамилеси начарлап кетти же азыркыдан да татаалдап калышы ыктымал деген сөз негизсиз. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып кыргыз тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, өзүнүн өзбек кесиптеши менен эл аралык жыйын алкагында жолукканда бул маселени көтөргөн, бирок "чарбалык мамилелерге байланыштуу көйгөйдү саясый деңгээлде талкуулоонун кажети жок" деген мааниде жооп алган.

Кыргызстандын түштүк аймагы эки айдан бери көгүлтүр отунсуз отурат. Буга "Узтрансгаз" газ берүүнү токтотуп койгону себеп болду.

Айрым саясат таануучулар чек ара, суу жана жер талаш, газ маселелери чырмалышкан кыргыз-өзбек саясый мамилелери соңку кезде татаалдашып, бирин-бири коркутуу, ультиматум жолуна түшүп калды деп айтууда. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG