Ош шаарында мурдагы мэр Мелис Мырзакматов тушунда салына баштаган эстакадалык көпүрө Орусия берген акчага курулуп бүтөт. Бул тууралуу бүгүн курулушту барып көргөн президент Алмазбек Атамбаев билдирди.
Навои көчөсүндөгү Ак-Буура суусу аркылуу өтө турган көпүрөнүн курулушу тегерегиндеги инфраструктурасын кошкондо азыр 699 миллион сом деп бааланууда. Мырзакматов учурунда 800 миллион сом деп эсептелген. Бул айырмачылыкка байланыштуу талаш-тартыш чыгып, иш убактылуу токтоп турган.
Орусия менен Кыргызстан 29-майда Өнүктүрүү фондун түзүүнү макулдашкан. Орусия ага 1 миллиард доллар каражат бөлүүнү чечкен. (RK)