Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:29

Кыргызстан жаңы үлгүдөгү мектеп формасына быйыл өтөт


Кыргызстандын мектеп окуучулары жаңы үлгүдөгү бирдиктүү формага быйыл 1-сентябрда өтмөй болууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Салтанат Мамбетова кабарлады.

Анын айтымында, учурда мектеп формасынын эскиздеринин сынагы жүрүп жатат, жыйынтыгы 28-июнда чыгарылат. Тандалып алынган дизайн боюнча санитардык эреже жана нормалар такталгандан кийин анын баасы чыгарылып, эркин сатыкка коюлат. Бирок бирдей формага өтүүгө мектеп милдеттүү болобу же жокпу, бул маселе азырынча чечиле элек.

Кыргызстанда 2 204 мектеп бар. Аларда окуган балдардын саны 1 миллион 15 миң. (RK)

XS
SM
MD
LG