Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:17

ТИМ: Кыргызстан Орусияны гана карап калды деген сөз негизсиз


Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, "Кыргызстан көп векторлуу тышкы саясаттан тайып, Орусияга гана багыт алып калды" деген пикир туура эмес.

- Биз дүйнөдөгү бардык өлкөлөр менен кызматташыбыз. Алардын ичинде коңшулар да, алыскы мамлекеттер да бар. Бирок биздин стратегиялык өнөктөштөрүбүз Орусия, Казакстан сыяктуу коңшулар экенин эстен чыгарбаш керек, - деди Абдылдаев.

Бир катар оппозициячыл саясатчылар жана жарандык активисттер өлкө бийлигин көп векторлуу саясаттан тайып, Орусияга гана багыт алды деп сындап келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG