Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:55

Нарында шырдак фестивалы өтөт


Нарындын Ат-Башы районунда 28- июнда “Кыргыз шырдагы” эл аралык этнографиялык фестивал өтөт. Аны облустук бийлик жана бир катар эл аралык уюм чогуу уюштурууда. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Фестивалда Нарын облусун кыргыз элинин улуттук маданиятынын борбору, жүн жана териден жасалуучу кол өнөрчүлүктүн ордосу катары таанытуу каралган. Үч жылдан бери өткөрүлүп келаткан иш-чарага жергиликтүү жана башка аймактардан уздар катышып, мастер-класстар өтөт. Чет мамлекеттен келген туристтер үчүн да бул фестивал кызыгуу жаратып келүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG