Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Атамбаев Оштун газ маселеси чечилерин убада кылды


Эки айдан бери көгүлтүр отунсуз отурган Ош шаарынын газ маселеси эми башкача чечилет. Бул тууралуу бүгүн Ошко барган президент Алмазбек Атамбаев эл менен жолукканда айтты. Президенттин айтымында, өкмөт шаардагы жер үйлөргө суюлтулган газ баллондорду, ал эми көп кабаттуу үйлөргө электр плиталарын сатып берүүнү мерчемдеп жатат.

- Газ эмнеге берилбей жатканын баарыңар түшүнүп жатасынар. Газ эртең эле болуп калат деп мен силерди сүйүндүргүм келбейт. Эгемендик үчүн айрым учурда чыдаш керек. Кырдаалдан чыгуу үчүн “Газпромдун” өкүлдөрү менен сүйлөшүп, менчик үйлөргө газ баллондорду, ал эми көп кабаттуу үйдө жашагандарга электр плиталарды сатып берели деп жатабыз, - деди президент.

Кыргызстандын түштүк аймагы эки айдан бери газсыз отурат. Себеби "Кыргызгаз" Орусиянын "Газпромуна" сатылгандан кийин "Узтрансгаз" жаратылыш газын берүүнү токтотуп койгон.

Президент Алмазбек Атамбаев маселени чечиш үчүн Оштун абоненттерин жаратылыш газынан суюлтулган газга өткөрүү керектигин билдирип, ага даярдык көрүү үчүн “Кыргызгаз” ишканасы жана Энергетика министрлигине тапшырма берген. (BkA)

XS
SM
MD
LG