Кыргызстанда урологиялык түрдүү ооруга чалдыккан эркектердин саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жетекчиси Дамира Ниязалиева билдирди. Анын айтымында, жакында өткөрүлгөн медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында ага катышкан эркектердин 47 пайызынын бөйрөк жана жыныстык органдары түрдүү дартка чалдыкканы аныкталган.
Кечээ парламентте "карын эне" (суррогат - ред.) кызматына уруксат берүү маселеси кызуу талкуу жаратып, Ниязалиева көптөгөн үй-бүлөлөр эркектердин репродукциялык системасы жабыркагандыктан балалуу боло албай жүргөнүн айткан болчу. (KE/RK)