Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

Бишкекте теннис боюнча эл аралык турнир өтүүдө


Бишкектеги Теннис академиясында теннис боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир өтүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров маалымдады.

Турнирге 7 өлкөнүн 14 жаштагы элүүдөн ашуун өспүрүмү катышууда. Мелдештин алдында жаш жеткинчектерге, улан-кыздарга Эл аралык теннис федерациясынын кызматкери, малайзиялык Суреш Меннон сабак өттү. Турнир жеңүүчүлөрү 22-июнда аныкталат. (КМа)

XS
SM
MD
LG