Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

Жол эрежесин бузгандарга жазаны катуулаткан мыйзам долбоору кабыл алынды


Жогорку Кеңеш депутаттары бүгүнкү жыйында жол эрежесин бузгандарга жазаны катаалдантууну караган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мыйзамдын демилгечиси, депутат Дастан Бекешов билдирди. Анын айтымында, адамга жеңил жараат алып келген кырсыкка себепкер болгон айдоочуну жазалоо менен катар аны унаа айдоо укугунан 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу каралган. Ошондой эле белгиленген ылдамдыктан ашкан айдоочуларга жаза катуулады.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда жол кырсыгы көбөйүүдө. Былтыр 2012-жылга караганда кырсыктын саны 33 пайыз өстү. Ал эми адам өлүмү 12 пайыз көбөйгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG