Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Спикер Алайда жол тоскондордун атынан келген топту кабыл алды


Алайда жол тосуп тургандар өкмөт өкүлдөрү менен жолугушууда, 17-май, 2014.
Алайда жол тосуп тургандар өкмөт өкүлдөрү менен жолугушууда, 17-май, 2014.
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн Алай районунун Сопу-Коргон айылынан келген Акматбек Келдибековдун тарапташтарынын сегиз өкүлүн кабыл алды. Анда Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү жана 27-майдан бери буулуп турган Ош-Эркеч-Там жолун ачуунун тегерегинде сөз жүрдү. Келдибековду коргоо комитетинин жетекчиси Керим Сарыбашев маселени ырбатпай чечүүнүн жолун караштыруу зарылдыгын билдирсе, Мамбетжунус Абылов кырдаалдан чыгуунун үч вариантын сунуш кылды. Дагы бир өкүл - Артисбек Абылаев жол тосуу башынан эле калпыс кадам болгонун, эми маселени оң жагына чечүү керектигине токтолду. Өкүлдөр төрагадан Келдибековдун маселесин акыйкат карап, үй камагына чыгарууга көмөктөшүүсүн өтүндү.

Стратегиялык маанидеги унаа жолун тосуп, мыйзамсыз талаптарды коюу аркылуу укуктук маселени чечүү мүмкүн эместигин түшүндүргөн төрага жол ачылышы керектигин баса белгиледи. «Алгач Ош -Эркеч-Там унаа жолу ачылышы абзел. Ал эми акыркы өкүмдү сот чыгарат, ага эч кимдин кийлигишүүгө укугу жоктугун дагы бир ирет кайталайм», - деди Жээнбеков.

Жыйынтыгында өкүлдөр ыйык Рамазан айына чейин Ош - Эркеч-Там жолун ачуу үчүн жолду тосуп тургандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү бүтүмүнө келгенин Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Камактагы депутат Келдибековдун тарапкерлери аны үй камагына чыгаруу талабы менен 27-майдан бери аталган жолду бууп турушат. (SM)

XS
SM
MD
LG